"Чабандын сөөгү табылды". Казакстанда миңден ашык кой өрттөнүп кетти (фото)

Коңшу Казакстандын Түркстан облусунда миңден ашуун кой өрттөнүп, чабандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 31-январда болгон. Анда Байдибек районунун Алгабас айылынан 5 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан дыйкан чарбанын аймагындагы эки кабаттуу сарай өрттөнгөн. Сарайдын биринчи кабатында майда мал, экинчи кабатында чөп сакталган. Өрт өчүрүүчүлөр кырсык болгон жерге 40 мүнөттө жеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1 миң 150 баш кой жана 150 тонна чөп күйүп кеткен. Ошол жерден чабандын сөөгү табылган.

Азыркы учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jelezo
2022-01-31 20:37:35
Мал сарайга чөп жыйуу өтө опурталдуу,тоют үчүн сарайдан алыс жерге навес куруу керек.
+3
oopapa
2022-01-31 22:36:09
Зекет бербегендин кесири болсо керек. Зекет садака ар кандай балээни кайтарат деп бекерге айтпаган
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан