Биз социалдык тармакта

Бишкекте айрым маршруттук каттамдардын багыты өзгөрдү

Бишкек шаарында бир катар маршруттук каттамдардын кыймылы өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ар апта сайын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинде коомдук транспорттун каттамдарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өткөрүлөт. Жыйында бул ирет төмөнкү маршруттук каттамдардын багытын өзгөртүү чечими кабыл алынды.

  • * №17 автобустук каттамдын кыймылын жарым-жартылай өзгөртүү, Жамгырчинов көчөсүнө кире турган жерди алып салуу чечими кабыл алынды. Андан кийин каттам ошол эле кыймылдын схемасы боюнча жүрөт.

  • * Өскөн-Ордо конушунун жашоочуларынын өтүнүчү менен №188 маршруттук каттам Салкын-Төр жаңы конушуна чейин 1 айга убактылуу узартылды, калган схема өзгөрүүсүз калды.

  • * №185 кичиавтобустун кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлүп, Алыкулов, Гагарин, Азия жана Ак-Дөөлөт көчөлөрү менен акыркы аялдамасы мечиттин жанынан каттайт. №185 маршруттук мындан кийин муниципалдык транспорт болуп саналат.

Белгилей кетсек, Лущихин көчөсүндөгү №42 мектептин окуучулары үчүн 5 кичи автобусту атайын бөлүп берүү чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан