Талибандар аялдарды алгачкы жолу жетекчилик кызматка дайындады

Талибандар Ооганстанда бийликти басып алгандан бери биринчи жолу аялдарды жетекчилик кызматтарга дайындаганын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, убактылуу министрлер кабинетинин башчысынын буйругу менен доктор Малалай Рахим Кабулдагы "Малалай" адистештирилген төрөт үйүнүн директору, ал эми доктор Ариан Кабулдагы Шахрара кварталындагы гинекологиялык клиниканын директору болуп дайындалды.

Ошондой эле маалымат жана маданият министринин орун басары Забихулла Муджахид азырынча саламаттыкты сактоо тармагын гана айтып жаткандарын социалдык түйүнүндө билдирген.

Эскерте кетсек, буга чейин талибандар аялдардын денесин жана жүзүн толук жапкан хиджаб кийсе, иштөөгө жана окууга уруксат беришкен. Бирок аларга эркектердин коштоосуз узак жол жүрүүгө жана спорт менен машыгууга тыюу салынган.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
heaven2016
2022-02-02 15:54:10
Укмуш жетишкендик болуптур, эми не дейбиз
+1
Tyttty1990
2022-02-02 19:25:46
Ташиевдин укаси мандатын коментти жабасынар дагы, талибанга окшогон айбандарды тим эле ырдап жазасыңар и коменти да ачык. Шакал пидараз супер инфо ушул суроого жооп бергилечи??????????
+5
Jaraisyn
2022-02-02 22:43:49
Tyttty1990, Шакал, пидараз дегениң үчүн суперчилер сотко бербесин
-2
alimbek94
2022-02-02 19:35:30
Ашынган динбаштар талибтер аялдар учун эч нерсе жакшылык кылышпайт.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан