Биз социалдык тармакта

Алымкадыр Бейшеналиев Сабырбек Жумабеков тууралуу: "Ал баарына жетти, эми дагы эмне керек?"

Бүгүн, 2-февралда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда журналисттер үчүн уюштурулган пресс-турдан кийин маалымат жыйын берди.

Анда министр Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков тааныштары аркылуу бардыгына жетишкенин айтты.

"Ал Воронцовкада иштеген жөнөкөй эле травматолог болчу. Тааныштары аркылуу ушул борборду куруп алып, академик болуп, бардык наамдарды алды. Ал бүт баарына жетти, дагы эмнеге жетет эми? Мен ага айткам, элди кыйнаба деп. Анын ооруканасына эл барбайбыз дешет. Себеби киргенден баштап акча сурайт экен", - деди Бейшеналиев.

Эскерте кетсек, буга чейин Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борбору жоюлуп, ордуна шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрү кабарланган. Бул аракетти саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев SUPER.KG порталына “оорукананы элге кайра кайтаруу” деп сыпаттаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
alimbek94
2022-02-03 16:50:20
Буд министр медицина тармагын артка тарткан адам
-5
Danysh1
2022-02-04 09:16:45
alimbek94,эки жакты таразалап туруп суйлосон ким байкуш болуп чыга келсе ошону жактабай
0
janka7
2022-02-03 23:57:23
Озундун колунан келбегенден кийин,элге жардам колун сунуп ,элдин АК батасына болонуп,алкышын алып жаткан адамга тийишпей эле койсо!Качан Карасан алдынкы адамдын бутунан чалып аркага тарткан Коро албастар
-1
Danysh1
2022-02-04 09:13:36
Бул Сабырбекта герсейген неме теке бер жагы бар акчан болсо базар жок карайт болбосо башкага бар бар деп койот
0
Aza2100
2022-02-04 09:51:06
Министрдин сөзүндө деле чындык бардыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан