Биз социалдык тармакта

Алымкадыр Бейшеналиев үстүнө арча кулаганда депутат Балбак Түлөбаев куткарып калганын айтты

Декабрь айында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эл алдына сол көзү көгөргөн абалда чыккан. Ал үстүнө арча кулап, аны Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев куткарып калганын бүгүн, 2-февралда маалымат жыйынында айтты.

"Менин көзүм көгөргөнүн көргөнсүңөр. Мен эмне болгонун айткан эмесмин. Ошол кезде үстүмө арча кулаган. Ошондо депутат Балбак Түлөбаев чуркап келип көтөрүп калган. Мен ага ыраазычылыгымды Жогорку Кеңеште айткам. Ал журналисттерге айтайын дегенде болбой койгом. Мен ага абдан чоң ыраазычылыгымды айтам. Эгер Балбак Түлөбаев ал жерде болбогондо мен, балким, бул жерде отурбайт болчумун. Мен ага орусча айтканда "должникмин", - деди Бейшеналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Bishkek-Kg
2022-02-03 15:35:42
Жекече проблемаңарды жекече эле бүтүрүп алгылада элге чыгып алып бир-бириңди пиар кылбай!!!
+3
modem4999
2022-02-03 16:23:44
Концерттер
0
Tatu_8889
2022-02-03 18:27:08
Ал куткарып калбаганда Сабырбектин колунда сулуу чымчык болуп жаткан болот эле да
+2
ulaAjidar
2022-02-03 18:51:07
Бул Козун Ош шаарында когоргон эмес беле..мен угушумча
0
joke81kg
2022-02-03 18:52:58
Бири бирине должник болуп журо бергиле
0
Bikosh2015
2022-02-04 08:51:47
Ноокатка тойго келгенде когоруп кеткен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан