Бишкек шаардык мэриясы унаа ээлерин унааларды бак-дарактардын жана жеңил объектилердин жанына калтырбоого чакырды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, шаардагы бак-дарактардын оорлошуна алып келүүчү суу кар жаап жатканына байланыштуу кырсыктарды жана жеке менчикке зыян келтирбөөнү алдын-алуу үчүн унааларды бак-дарактардын жанына токтотпоону суранат.
"Бак-дарактардын жана бутактардын кулашына күбө болсоңуз "Тазалык" муниципиалдык ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номерлерине жана борбор калаанын мэриясынын Call-борборуна: 1840 жана 1850 кабарлаңыз. Ошондой эле сүрөт жана видео фактыларды 0554 -182-185 номерине жөнөтүңүз", - деп жазылат маалыматта.