Сокулукта токмоктолгон 2 жашар баланын апасы аны шектүүгө каршы көрсөтмө бер деп укук коргоо органдары тарабынан коркутуу болгонун айтууда. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун аппаратынын өкүлү Аскат Азарбеков билдирди.
"Бул эми тактала элек нерсе, баланын апасы аны шектүүгө каршы көрсөтмө бер деген талап менен башына пакет кийгизип кыйнашканын айтууда. Бирок мен анын денесинен кыйноонун издерин көрө алган жокмун, карап чыгып. Бул эми али тактала элек нерсе, укук коргоо органдарынын иликтөөсүнөн кийин белгилүү болот", - деди Азарбеков.