Сокулукта токмоктолгон 2 жашар баланын атасы Кыргыз Республикасында мыйзамсыз жүргөн. Бул тууралуу маалымат жыйында Акыйкатчы институтунун аппаратынын өкүлү Аскат Азарбеков билдирди.
"Баланын атасы Өзбекстандын апасы Кыргыз Республикасынын жараны. Атасы Кыргыз Республикасында мыйзамсыз жүргөн. Ал Өзбекстанга кайтууну каалабай турат. Азыр кыргыз жарандыгын алууну көздөп жатканын айтты. Болбосо орус жарандыгын алып Орусияга кетерин билдирди", - деди Азарбеков.