Бишкек шаарынын батыш тарабына дагы бир сейил бак курулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарына финансылык каражат бөлүү боюнча макулдашуу жетишилди. Циндао шаарынын муниципалдык элдик өкмөтү шаардын батыш кире бериш аймагын жакшыртуу үчүн 600 миң юань бөлдү. Каражат Дэн Сяопин проспектисинин Алыкулов көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки аралыгына сквер курууга жумшалат", - деп билдиришти мэриядан.
Эске сала кетсек, 2021-жылдын 22-декабрында Бишкек жана Циндао муниципалитеттеринин ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү боюнча меморандумга кол коюлган.