Биз социалдык тармакта

Коронавирус: Бишкектеги автобустар каттам сайын санитардык тазалоодон өтүүдө

Борбор калаанын автобустарында ар бир нөөмөттөн кийин санитардык тазалоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айдоочулар гана эмес, автобустар да катуу көзөмөлгө алынат. Санитардык тазалоо иштери күн сайын жүргүзүлөт. Автобустун ичи-сырты жуулуп, атайын тазалоочу каражаттар менен дезинфекцияланат.
Белгилей кетсек, коомдук транспорттун айдоочулары кезекке кирер алдында жана нөөмөт аяктагандан кийин эки жолу медициналык кароодон өтүшөт. Ошондой эле жүргүнчүлөр бет кап керек болсо, айдоочулардан сатып алса болот. Ар бир автобуста бет кап салынган кутулар бар. Ар бир салон антисептиктер – дезинфекциялоочу каражаттар менен жабдылган. Жүргүнчүлөргө вирустук оорулардын алдын алуу максатында өздүк гигиена эрежелери тууралуу видеороликтер көрсөтүлүүдө.
Айта кетсек, учурда шаарда каттамга күнүнө 90го чейин автобус чыгууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан