Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасына жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жаңы жетекчини жамаатка саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өзү тааныштырган. Оорукананын башкы дарыгери болуп профессор, медицина илимдеринин доктору Мете Хидыроглу дайындалган.
"Министр өз сөзүндө Кыргыз элине сапаттуу медициналык жардам көрсөтүп жаткан оорукананын жамаатына ыраазычылык билдирип, оорукананын жаңы башкы дарыгерине ийгиликтерди каалады", - деп билдиришти министрликтен.
Эске сала кетсек, Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан дайындалган буга чейинки башкы дарыгери Озгур Челеби мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Түркияга кайткан.