Коңшу Өзбекстандын Андижан облусундагы ооруканада жарылуу болуп, андан бир Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
"Андижан облусунун Шахрихан районундагы окуя боюнча "Зитерия" жеке дарылоо-диагностикалык борборунда газ-аба аралашмасынын жарылышынан улам Р.Н. аттуу 1966-жылы туулган Кыргыз жараны каза болгон.
Өзбекстандын жергиликтүү органдарынын маалыматы боюнча, жарылуудан каза болгондор жана жабыркагандар бар", - деп билдиришти министрликтен.
Кыргыз жаранынын сөөгүн жакын туугандары өлкөгө алып келген.
Бул боюнча Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 257-беренеси (эмгекти коргоо эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда алдын ала тергөө иштери жүрүп жатат.
Бул маселе Кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстандагы элчилигинин көзөмөлүндө турат.