Бүгүн, 14-февралда саат 10:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Зыйнатка бир катар мамлекеттик жетекчилер, коомдук ишмерлер, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Молдомуса Конгантиев 63 жашында мезгилсиз дүйнө салды.
Молдомуса Конгантиев 1958-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Сай шаарында туулган. Ички иштер органдарында 1979-жылдан тарта кызмат өтөй баштаган. Ички иштер министрлигин 2008-2010-жылдары жетектеген. 2010-жылдагы өлкөдөгү коомдук-саясий окуялардан кийин саясатка аралашкан эмес. Конгантиев юридика илимдеринин кандидаты.