Биз социалдык тармакта

Эртең Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу берилбейт

Эртең, 15-февралда Бишкектин айрым жерлеринде таза суу убактылуу берилбейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу эртең төмөнкү жерлерде саат 9:00дөн 17:00гө чейин убактылуу суу берилбейт.

- Элебесов көчөсү №60;
- Медеров көчөсү №48Б;
- Жукеев-Пудовкин көчөсү №41А;
- Медеров көчөсү №44;
- Жукеев-Пудовкин көчөсү 44/1.

"Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат", - деп жазылган маалыматта.






РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан