Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгек акысы 40 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Ага ылайык, троллейбус айдоочуларынын көбөйтүлгөн маянасынын суммасы 25 миң сомду түзөт.
"Мындай чечим эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында айдоочулардын жана техникалык кызматкерлердин ишинин көлөмүн жана графигин дыкат текшергенден кийин кабыл алынды.
Ошол эле учурда бүгүнкү күндө коомдук транспорттун айдоочуларынын жетишсиздиги курч көйгөй болуп, анын негизги себеби айлык акынын аздыгы болуп жаткан", - деп жазылат маалыматта.