Биз социалдык тармакта

Өлкөдө эң жогорку пенсия канча сомду түзөт? Социалдык фонддун жообу

Кыргыз өлкөсүндө эң көп пенсия 179 миң сом, ал эми эң аз пенсияны эмгек стажысы жок адамдар алышат. Ал 1500 сомду түзөт. Бул тууралуу социалдык фонддун төрагасынын орун басары Kaktus.media сайтына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эң көп пенсия алган адамдын 46 жылдык тажрыйбасы бар, жашы 70тен ашса да бүгүнкү күндө ишин улантууда.

"Ал жаран (ред.: эң көп пенсия алган) буга чейин социалдык фонддун бюджетине 19 миллион сом киреше алып келишкен. Ал эми башкалар орто эсеп менен 1 жарым -2 миллион сом киреше алып келишет. Анан кантип бул адамдын пенсиясын алганга укугубуз бар? Бул анын маңдай тери менен тапкан акчасы. Ал төлөмдөрдү төлөп эле тим болбостон дээрлик 40ка жакын пенсионерди багып келген. Тагыраагы, пенсия эмгек стажыңызга карап берилет", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Margo82
2022-02-14 19:34:30
Ал Ким ошондо?
+4
KaGaH
2022-02-14 20:44:30
Margo82, Роза Отунбаева абжебиз
+3
Antiradikal10
2022-02-15 00:37:00
KaGaH, ал эмес менимче.

Хотя Отунбаеваныкы да 100 миндин устундо.
+2
Hooligan
2022-02-15 12:16:34
Margo82,Мамакеев
+1
nurgaz
2022-02-14 19:51:17
Пенсияны бирдей эле кылып салыш керек. Азыр көпчүлүк эл үлүш жердин салыгыдан пенсияга чыгып жатат. Үлүш жери жоктор кантип пенсияга чыгат билбейм. Кыргызстанда жумушсуздар көп. Бул 179000 сом пенсия алган адам коррупционер болсо керек. Кыргызстанда жумушу бар коррупцияга малынгандар эле көп акча менен пенсияга чыгат. Карапайым элде жумуш жок болсо кантип налог төлөп пенсияга чыгат. Бул системаны түп тамыры менен өзгөртүш керек.
+7
Mastura90
2022-02-14 20:46:35
179000 сом менен канча айыл эли пенсия менен камсыз болот эле бул бир эле адам алып алат экен
+8
Taalaibek.
2022-02-14 21:02:06
Козго коргузуп туруп эле алдап койгону. Ушинтип ишенип калабыз да.
+6
Datka7777
2022-02-15 01:49:11
Taalaibek.,алдабай эле бизнесмендер бар да Салымбековго окшогон. Ай сайын олчойгон суммада налог толоп турган
+1
shankol88
2022-02-14 21:06:50
179миңди алган адам Кыргызстанга эмне пайдаси тийиптир аа...
+4
Rusbayastan
2022-02-14 21:21:44
179 мин алган адамды эмнеге айтпайсынар,же ошонтип ал акчаны болуп аласынарбы?
+4
erkegenje
2022-02-14 21:42:48
Көпчүлүкту нааразы кылган сумма экен жугабы эми ошол алган кишилерге бай өнүккөн мамлекет болгондо бир жөн эле
+3
Sanjura
2022-02-14 22:09:27
Муну уккан айылдагы кишилер ичип кетпесек экен
+2
Bul-kim
2022-02-14 22:49:28
Айланайындар бироодун пенсиясын андыбай иштеп пенсионный фондко акча токкуло, топтолгон акча жараша пенсияга чыккыла. Азыркы иштеп,пенсионный фонго тогуп жаткан адамдардын эсебинен фонд топтолот
0
Antiradikal10
2022-02-15 00:38:28
Bul-kim, бул адам кантип 10-100 эсе коп пенсия толоп келиптир, кана ким тушундурот?
+3
modem4999
2022-02-14 23:15:28
Иштеген эмгеги синген алат да эмне ичинер тарып атат, силер да аракет кылгыла аман эсен болуп пенсияга чыксанар аласынар
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан