Түштүк Корея чечпей туруп тамактанууга мүмкүн болгон бет кап чыгарды

Түштүк кореялык компания жаңы бет кап ойлоп табышты. Аны тамактануу учурунда чечүүнүн кажети жок – жөн гана астыңкы бөлүгүн мурундун үстүнө жаап, тамактан кийин кайра түшүрүп койсо болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Түштүк Кореяда омикрон штаммы көбөйүп жаткандыгына байланыштуу дал ушундай бет кап ойлоп чыгарышкан. Өлкөдө ресторандар, барлар жана башка мекемелердеги зыяратчылардын санын гана чектеп, чектөө киргизилген эмес.
"Коск" деп аталган бул бет кап сатыкка чыккандан кийин социалдык тармактарга кеңири тарап, көпчүлүктүн сынына кабылган. Көптөгөн колдонуучулар бет капты чыгарган компанияны оозу ачык болсо да вирус таратат деп кескин сынга алышкан. Ошол эле учурда колдогондор да болгон. Алар жумушта жана башка коомдук жайларда түшкү тыныгуу учурунда өздөрүн ыңгайлуу сезүүгө мүмкүндүк берет деп белгилешкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KG-312
2022-02-16 00:02:34
Безгалтердин эле өзү экенда.
+2
Medina87
2022-02-16 00:35:15
Бизнестеги жаны товар)))
+1
Sakubek
2022-02-16 00:56:34
Чечпей эле өбүшсө да болот экен
+2
Nuuman
2022-02-16 10:02:42
Чечпей эле сие турганы бар бекен?
+1
Ak_Bulut
2022-02-16 10:25:10
Беркиге окшош экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан