"Күйөөсү сабап кубалап чыккан". Түркияда кыргыз келин үч кызы менен көчөдө калды

Түркиянын Анталия шаарында 28 жаштагы кыргыз келин Айнура Рыскелдиева үч кызы менен көчөдө калды. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, келин 2013-жылы Түркияга бала багуучу болуп иштегени барган. Ал жерден болочок күйөөсү менен таанышып, аны менен нике кыйып, беш жылдан ашык убакыт жашашкан. Алардын үч кызы бар. Келиндин айтымында, аны күйөөсү алдап башка аялга кетип калган. Анын айынан пикир келишпестиктер чыккан.

"Мени сабап, үстүмө кайнак суу куюп жиберди. Анан бизди көчөгө кууп чыкты. Милицияга кайрылдым, бирок менде каттоо жок болгондуктан арыз бере алган жокмун. Бирок балдардын документтери менен баары жайында. Алар Түркиянын жарандары. Бирок балдарымды менден тартып алышабы деп корком. Мекенимде мага жардам бере турган жакын туугандарым жок. Камкор жарандар мага батирге чыгууга жардам беришти. Азыр киреше булагым жок, балдарым кичинекей болгондуктан иштебейм. Кыргыз өлкөсүндө да туугандар жок. Атам каза болуп калган", - деди кыргыз келин.

Азырынча бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен расмий маалымат бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
munduz2016
2022-02-16 16:09:00
Күйөөсүн жоопко тартыш керек.

Кыздарыңдын бактысын көрөсүң буюрса.Ар жамандыктын артында бир жакшылык бар.
+8
JaneEr
2022-02-16 16:13:33
Кыргыз кыз-келиндер кор эле болдуго,адам ордуна корбой калышты кыргызы деле башкасы деле,кыргыз аял болуп жаралганыма окунуп кетем
-2
Mister-XXX
2022-02-16 16:38:48
JaneEr,Айлананды жакшына карап кор.Бактылуу жашагандар толтура.
Кыргыз жигиттери жаман дегендер не дээр экен эми.
+1
bayern-munchen
2022-02-16 17:09:56
Mister-XXX,туура айтасын кыргыздар мындай аялды сыйлоону билбейт тигидей деп эле башка улутту мактай беришчуу Эми эмне дешет ошондуктан 5 кол барабар эмес башка улуттар дагы периште эмес
+3
Tyttty1990
2022-02-16 16:16:43
Бөлөм да кой деп баардык туугандар каршы чыкса болбой түрккө тийип 7 жылдан бери келе элек. 3 баласы бар.
Жакында апасы үйдөн чыгарбайт экен, кордойт экен деп аябай ыйлады.
+7
Beka1986
2022-02-16 16:30:03
Биздин кошуна кызда 10 жылдан ашты келе элек,түрккө тийип бала чакалуу болуп калган,апасы ыйлап жүрөт бул жакта.Күйөөсү жибербейт экен,келбей койосун деп.
+6
Dembele84
2022-02-17 10:04:18
Beka1986,туура кылат
0
Fernando_Torres
2022-02-16 16:33:22
Жаманбы жакшыбы өз элин менен өз жеринде жүрүгоо жетпейт ошентип алданып калбагыла ыйманда болгула кыздарыбызды сүйөбүз жардам берип таалага таштабай алып келүү керек келе турган ойу болсо
+8
Mister-XXX
2022-02-16 16:41:53
Түрктөр адамгерчиликтүү,аялды кордобойт дегендер көп болгон.Аларга тийсек бейиштегидей жашоо болот дегендер болгон.Кыргыз жигиттерине да канча улуттун кыздары ашык болуп жүрүшөт.А биздин кыздар жамандашат.
+7
Nurtilek82
2022-02-16 23:24:48
Mister-XXX,кыргыздын жигиттери корс болгону менен турмуш тиричиликке тын болобуз.
0
Gulina00
2022-02-16 17:14:23
Ошон учун башка улутка тиерде ойлонуп иш квлгыла.
+7
bayern-munchen
2022-02-16 17:15:42
Эми бул келин бул жашоону озу тандады аны эч Ким жетелеп мажбурлап туркко тийгизизген жок биздин олко мындайларга жардам бербеш керек берсе дагы озун кайтарып келип балдарын туркко ташташ керек и так ар улуттан жээндер кобойду кытайга тажике башка улутка турмушка чыкан кыздарды вопще гражданстводон чыгарып салуу керек калп эле Кыргыз кызын алып Кыргыз жарандыгын алган кытай и башка улуттар кобойду
+10
Hooligan
2022-02-16 17:23:41
bayern-munchen,Башка улутту сүйгөн кыздар покинули чат
+3
nazira...
2022-02-16 17:27:07
bayern-munchen,кыздар башка улутка тийсе болбойт, эркектер алса боло берет э. Алганына аз келгенсип интернетке чыгарышат башка улут алдым дешип, аны мактап болбой каласыңар. Ошентип атсаңар мурунку суйлөшүп жүргөн кыргыз кызы өчөшкөнүнөн деле башка улутка тиет да. Башка улутка тийген кыздардын баары тең бул кыздай эмес, бактылуу жашагандары деле толтура. Ошол бактылуу кыздарды көрүп башка кыздар тийип атат да жаштык кылып.Бирок акылыңар болсо кыздар башканы ойлобой эле койгулачы сураныч.
+1
bayern-munchen
2022-02-16 18:49:01
nazira...,мейли тийип ошонон ары жоголгула Кыргыз жигиттерине кыз калбай калбайт дуйнодо анан мынтип айдаса кайдагы каны бузук баланарды жетелеп кыргыздын канын бузбагыла ырас турмушка чыктынбы ошол жактын жарандыгын алгыла бизге кереги жок кайдагы каны бузук баланын жээндердин
+6
Kg-04
2022-02-17 10:19:47
bayern-munchen,созун маанилуу
+1
Turdueva
2022-02-16 19:14:01
Кайсыл жерден жудоо корсон зайыпты ошол элдин уулуна кой айыпты
+1
Antiradikal10
2022-02-17 13:09:58
Turdueva, доорубочу жудомуш!
-1
ZALKARBEK.84
2022-02-16 21:25:33
Кудайым берген акылды иштетиш керек эле тиерден мурда. Эми окунуп жургондур. Башка дагы толтура кыргыз кыздар кетти башка улуттун этегин кармап, 100/10 жакшы жашоосу мумкун. Жакшы жашаганда деле ата-эне, бир тууган, мекен деген ыйык заттарды окунуч менен эстеп атышат. Келейин десе жооп берилбейт, келсе дагы кенири журуп кетпейт.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан