Таиланддын королдугу борбор шаар Бангкоктун аталышын расмий түрдө Крунг-Тхеп-Маха-Накхон деп өзгөртүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жаңы расмий аталыш комиссия тарабынан такталгандан кийин гана күчүнө кирет. Шаардын жаңы аты расмий аталыш катары гана колдонулат жана Бангкок аты кашаанын ичинде айтыла берет.
Крунг-Тхеп-Маха-Накхон деген сөз “Периштелердин шаары жана улуу борбор” дегенди түшүндүрөт.