Түркмөнстанда мугалимдер президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедовдун жетишкендиктери тууралуу айтып берүүгө мажбур болушту. Мындай билдрүүнү "Хроника Туркменистана" маалымат каражаты жазып чыкты.
Анда мугалимдерге Бердымухамедовдун жакшы иштери, жетишкендиктери тууралуу айтып берүү жана окуучулар ага ыраазы болушу керектиги тапшырылган деп айтылат.
"Ишемби күнү, 12-февралда орто мектептердин директорлору билим берүү бөлүмдөрүнө (районого) чакырылды. Аларга жекшемби күнү (13-февраль) саат 10:00дө ар бир мектепте мугалимдерди жана техникалык кызматкерлерди чогултуп, дүйшөмбү күнү мектептин бардык класстарында биринчи сабак кандай өтүшү керектигин түшүндүрүп бериши керектиги белгиленди.
14-февралда мугалимдер алгачкы 15 мүнөттө балдарга Бердымухамедовдун жакшы иштерин, жетишкендиктерин айтып берүүгө милдеттүү болушту. Окуучулар өлкө президенттигине талапкердин өмүр жолу жана жетишкендиктери, кулк мүнөзү (боорукердиги, эмгекчилдиги, акылы) жөнүндө угушту. Ошол эле учурда башка талапкерлер тууралуу сөз болгон эмес. Мындай сабактар облустун бардык мектептеринде, анын ичинде айыл мектептеринде да өткөрүлдү", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандын вице-премьер-министри, учурдагы мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу. Ал Түркмөнстанда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин койгон.