Австралиянын Сидней шаарында 60 жылдан бери биринчи жолу акуланын адамга кол салуусу болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя Малабар пляжында түштөн кийинки убакытта болгон. Окуяга күбө болгондордун айтымында, акула жээктен алысыраак сүзүп бараткан кишиге кол салган. Ошондой эле акуланын узундугу болжол менен 4,5 метр, ал эми кол салуу бир мүнөттөн ашпаганы айтылат.
Окуя болгон жерге дарыгерлер келгенде, кишинин оор жаракат алгандыгынан улам каза болгонун көрүшкөн.
Маалыматтарга караганда, Сиднейде 1963-жылдан бери биринчи жолу акуланын кол салуусу болгон.