“Донецк Элдик Республикасынын” жашоочулары Орусияга жапырт эвакуацияланууда

Өзүн-өзү жарыялаган “Донецк Элдик Республикасынын” жашоочулары коопсуздукка байланыштуу Орусияга жапырт эвакуацияланууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, эки күн мурун украин аскерлери жана Донбасстагы жикчилдер бири-бирин ок чыгарууга айыпташкан. Украина жикчил топтор мурдагы түнү 60-70 жолу ок чыгарганын, жума күнү 20дан ашык ок атышканын кабарлаган.

Ошол эле маалда “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” да украин аскерлерин чабуул жасады деп күнөөлөшүүдө.

Донбасс аймагында атышуулардын натыйжасында соңку суткада 500дөй адам жаракат алганы айтылууда. “Донецк Элдик Республикасынын” башчысы Денис Пушилин коңшу өлкөнүн жетекчилиги менен калкты убактылуу жайгаштыра туруу макулдашуусу кабыл алынганын, биринчи кезекте аялдар, балдар жана кары-картаңдар чыгарылып жатканын айтты.

Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин ошол аймактагы орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Эки аймакты тең бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп да аталат.

Украинанын президенти Володимир Зеленский Мюнхенге болгон иш сапарынын алкагында Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана АКШнын вице-президенти Камала Харрис менен жолугушары айтылууда.

Зеленский Украинанын стабилдүүлүгүн бекемдөө үчүн мамлекет тарабынан кошумча аскердик жана каржылык колдоо көрсөтүү боюнча өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө ниеттенип жатканын президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
Taalaibek.
2022-02-19 16:05:18
Кайсыл жактан соз табасындар? "Жикчил" деген эмне?
+10
KaGaH
2022-02-20 00:07:49
Taalaibek.,орусчасы сепаратист,мисалы 2010 Ош окуясында жикчилдер болгон өзүбүзчө автономия болобуз деп
+4
nazarnew
2022-02-19 16:55:23
### согуш чыгып Путин эшектин патин жайса экен Америка, за мигрантов өч алгандай болот элек, за США, Америка Россия басып эле алсынчы. Булар жаман көөп кетишти Путин эшек.
-5
Abdizhapar
2022-02-19 17:07:27
nazarnew,мээ деген сенде вообще жок экен да
+2
News
2022-02-19 17:58:46
Abdizhapar,Путиндин подхалимдери чырылдай баштапсыңарго э? Атаңарды да мынчалык коргобойсуңарго)))
+5
Rusi79
2022-02-19 20:03:37
News,ээ эшек ойлонуп тееерееен ойлонуп анан жаз макулбу милиондогон кыргыздар орусяда иштеп не только уй булоосун бут кыргызстанды багып жатышат.
Американын шакалдары ко...у кысып эле жургулочу каерде силер ошол жерде хаос.
+2
Baha.Kyrgyzstan
2022-02-19 17:26:32
nazarnew,Ошондо сен өзүңдү укмуш акылдуу Путинден күчтүү адам сезип жазып атасыңбы
0
Tima112
2022-02-19 18:24:56
nazarnew,Ошондо США менен Америка башка мамлекетби)))
-2
Datka7777
2022-02-20 10:50:52
nazarnew, Акыл эсин жайында элеби чала демократ! Согуштан эчким пайда коргон эмес.
+1
abusait
2022-02-19 17:31:58
Согуш башталды...
+3
News
2022-02-19 18:14:18
Орус эки жүздүүлөр бар жерде бузуку, фитна, уруш талаш болот.
+3
Antiradikal10
2022-02-19 18:49:10
Орусу да, Батышы да, Кытайы да жарытпайт......
+3
al-abu-kinesz
2022-02-19 19:24:16
Antiradikal10, сен жаман коргон арабтар жарытат ээ ))
+3
Fernando_Torres
2022-02-19 20:22:11
Antiradikal10,сени запись кылып атам
+2
Antiradikal10
2022-02-19 22:01:29
Fernando_Torres,

Коркуп кеттим...)))

Манкурт экенсин го... Коркот деп ойлодунбу? Мага десе Жапаров экоон которуп турган асманынды таштап жибер!
0
Mister-XXX
2022-02-20 16:47:22
Antiradikal10,Fernando Torres экөөң тең жоголуп кеткилечи бул жерди сасытпай...
0
Mubarak
2022-02-19 19:54:12
Оо кудай ай согуш болбосокен тынчтык берекор жалпы жер шарына
+7
Usmanbekali
2022-02-19 20:46:10
Оо кайран башы бош,даагы деле ойгоно элек Путинди кудай коргон көк мээлер,Мага демектен эки каапырдын бири өлүп бири калсын не кырылып жаман жакшы айтышып жатасыңар...
+3
CAPATAH
2022-02-19 21:12:54
Мусулмандардан ооп каапырлардын башына тушкону жакшы согуштун. Биз эс алып,озубузду колго алып лидер болмокпуз мусулмандар.
-3
Antiradikal10
2022-02-19 22:02:48
CAPATAH, дооруп баштадынбы? Россияда 1 миллион жараныбыз бар. Алар олуп кетсин дедин да жаман оюнда, арам!
+3
Akyl78.1501
2022-02-19 23:19:35
Мен чычып келейин
+4
Isken90
2022-02-19 23:37:01
Эй туугандар биз тынч иштейли бул жакта. Жаманбы жакшыбы орустар иштетип жатат
-2
medet1983
2022-02-20 03:38:42
Орустардын оюну башталды.Бул жун баштар тынч жашабайт экен да өзу.
-1
basyz-kaman
2022-02-20 10:18:18
Согуш чыкса бизге дагы таасири тийбей койбойт. Андыктан тынчтык болушун тилейли.
+2
Mister-XXX
2022-02-20 16:49:55
Ушул жерде жазып жаткандардын көпчүлүгү саясатты тушүнбөй эле жазып жатасынар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан