Жо Байден Орусия Украина менен согуш баштоого даяр экенин айтты

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден 19-февралга караган түнү эфирге чыккан маалымат жыйынында орус президенти Владимир Путин Украина менен толук масштабдуу согуш баштоону мурда эле чечкенин айтты.

Байден АКШнын "күчтүү чалгындоо коомчулугу" бар экенин белгилеп, басып алуу учурунда Украинанын борбору Киевге кол салуу болушу мүмкүндүгүнө токтолду.

Ошондой эле Орусия Украина чек арасына жакын аймактарга аскерлерин чогултканын, анын ичинде Беларустун чек арасына дагы 150 миң аскери турганын айткан.

Бир нече күн мурун Украина жана Донбасстагы жикчилдер бири-бирин ок чыгарууга айыпташты.

Эл аралык уюмдар аталган аймакта 500дөй жарылуу болгонун билдирип, тараптарды ок атууну токтотууга чакырды.

Украина бийлиги бул окуяларды "Кремлдин чагымы" атаса, Орусия тескерисинче аларды “чагым уюштурууда” деп айыптоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Gulina00
2022-02-20 11:15:20
Карыган чал эшек,согуштан кудай сактасын
+3
joke81kg
2022-02-20 14:54:44
Америкале баштап жатат согушту ана баштады мына баштады деп
+5
Valley.of.the.Wolves
2022-02-20 15:21:05
Россиянын согуш баштоо планы анык эле болуп калды. Басып алган Донецк облусу менен Луганск облусундагы жарандарын эвакуациялап жатат, 3 миллиондон эли бар.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан