"Porsche, Audi, Bentley". Атлантика океанында 4 миң кымбат унаа жүктөлгөн кеме өрттөнүүдө (фото)

Португалиядагы Азор аралдарынын жээгинде миңдеген кымбат баалуу унаалары бар кемеде чыккан өрттү куткаруучулар бешинчи күндөн бери өчүрүүгө аракет кылып жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Porsche, Audi жана Bentley маркасындагы чет элдик унаалар менен кошо 4000дей унааны ташыган Felicity Ace кемеси 16-февралда Атлантика океанынын ортосунда күйүп кеткен. Борттогу 22 экипаж мүчөсү ошол эле күнү эвакуацияланган.

Кемеге барып өрттү өчүрүү азырынча кооптуу бойдон калууда. Өрт электромобилдердин батареяларынан келип чыгышы мүмкүн экени болжолдонууда.

Кемеге ээлик кылган Сингапурдагы "MOL Ship Management" (MOL) компаниясынын өкүлү өрттүн себебин иликтөөгө бир нече ай керектелерин билдирген. Панама желеги астындагы кеме Европа өлкөлөрүнүн бирине же Багам аралдарына барары белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Asmat84
2022-02-21 13:40:00
Амиий океандын ортосундагы өрттү өчүрүүгө суу жок болуп атат окшойт
+3
Danysh1
2022-02-21 17:21:04
Asmat84, суу чачса кайра чогуп кететко дейм порошок чачыш керекко э
0
bazar
2022-02-21 20:17:55
Asmat84,суу чачса эле өчүп калгыдай чөп же жыгач күйүп жаткан жок. Химиялык элементтер, пластик же кислоталар. Кеменин күйүүчү майлар күйүп жаткандыр. Суу чачсаң деле барыбир күйө берет
0
Beks0207
2022-02-21 14:09:19
Суу суукта болбой кеменин устуно
+1
Sakubek
2022-02-21 15:21:05
Баары бир өчүрө алышпайт. Андан көрөкчө абаны булгабай чөктүрүп жибериш керек
0
modem4999
2022-02-21 16:46:27
Кыргызстанга он рулдуу машине алып кируу боюнча соцтармактарда кызуу талкуу журуп жатат, сиздер кандай карайсыздар?
+2
Antiradikal10
2022-02-21 17:37:56
modem4999, он рулдуу унаалардын айынан жол кыргыктары коп болуп келген. Супер современный он рулдуу унаа алып келген кундо да, он рулдуу унаалар ДТП санын кобойтот.

Анын устуно баары бир эски он рулдуу унаалар келет. Супер современный жапданы он рулдуу унаалар ото ото аз кирет. Так что он рулдуу унаалар керек эмес.

Ансыз да Кыргызстан металлоломго кетууго тийиш болгон эски унаалардын мекенине айланды.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан