Казакстандын мурдагы коргоо министри Мурат Бектанов кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматынан билдиришкен.
Маалыматка ылайык, Бектанов кызмат учурундагы аракетсиздик фактысы боюнча (Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 452-беренеси) кылмыш жасаган деп шектелүүдө.
"Бир күн мурун Башкы прокуратура коргоо министринин мурдагы жетекчиси Мурат Бектановго кызмат учурунда иштебегендик фактысы боюнча сотко чейинки териштирүүнү баштады", - деп билдирген Казакстандын Башкы прокуратурасы.
Бектановду кармоо 20-февралда болгон. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда.
Мурат Бектанов Казакстандын коргоо министри болуп 2021-жылдын август айында дайындалып, 2022-жылдын январь айында Казакстанда орун алган баш аламандыктан кийин кызматынан бошотулган.