Түркмөнстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 12-мартка белгиленди. SUPER.KG порталы президенттикке талапкерлигин койгон учурдагы мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов тууралуу кызыктуу маалыматтарды топтоду.
Сердар Бердымухамедов 1981-жылдын 22-сентябрында Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабад шаарында ал кездеги тиш доктур, учурдагы өлкө башчы Гурбангулы Бердымухамедовдун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Сердар үй-бүлөдө жалгыз уул. Бир туугандары (эжеси же карындашы экени тууралуу так маалымат жок) - Гүлжахон жана Гүлшан чет өлкөдө жашай турганы белгилүү.
Апасы Огулгерек Бердымухамедова эл оозунан оолак ханайымдардын бири. Айрым маалыматтарга караганда, жолдошу менен жашташ, кесиби боюнча мугалим. Биринчи айым Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолдошу Гурбангулы Бердымухамедовдун жолугушуусунда алгачкы жолу эл алдына чыккан.
Инженер-технолог кесибин тандаган
Сердар орто мектепти аяктаган соң Түркмөнстан айыл чарба университетинде инженер-технолог адистиги боюнча билим алган. Ал жерди 2001-жылы 20 жашында аяктап, Тамак-аш өндүрүшү ассоциациясынын тышкы экономикалык байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеп калат. 2001-жылы Куралдуу күчтөрдүн катарына чакырылып, 2003-жылга чейин кызмат өтөгөн. Армиядан кайтып келгенден кийин кайрадан Тамак-аш өндүрүшүндөгү ишин улантып, 2008-жылга чейин эмгектенген. Ошондой эле тамак жана спирт ичимдиктерин сатуу боюнча ири бизнес түптөөгө да жетишкен. Бирок айрым булактарда Сердар “кагаз” жүзүндө гана аскердик кызмат өтөп, ал ортодо өлкөнүн тамак-аш өнөр жай бирикмесинде ишин улантып келгендиги айтылат.
Тамак-аш өндүрүшүнөн элчиликке карай...
Сердар Бердымухамедов тышкы саясат тармагында бир топ жогорку кызматтарды аркалаган. Айта кетсек, 2008-2011-жылдары Түркмөнстандын Орусиядагы элчилигинде, 2011-2013-жылдары Женеведа Түркмөнстандын БУУдагы өкүлчүлүгүндө кеңешчи катары иштеген. Ошол эле жылдары Орусиядан дипломатиялык академияны окуп бүтүргөн. Буга улай эле Женевадагы Саясат коопсуздугу борборунда европалык жана эл аралык коопсуздук адистиги боюнча билим алган.
2013-жылы Щвейцариядан кайтып келип, Тышкы иштер министрлигинде Европа мамлекети боюнча бөлүмүн башкарган. Ушул эле жылы Сердар ишинин багытын кескин өзгөртүп, мунай жана газ тармагында иш алып барган. Тагыраагы 2013-2016-жылдардын аралыгында мунай жана газ ресурстарын башкаруу жана пайдалануу мамлекеттик агенттигинде директордун орун басары болуп эмгектенген. Бул жаатта техникалык илимдердин кандидаты жана доктору даражасына да ээ болгон. Мындан тышкары подполковник наамы менен да сыйланган. 2016-2017-жылдары Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык маалымат департаментин жетектеген.
Саясаттагы алгачкы жылдар
Сердар Бердымухамедов 2016-жылы парламенттин 4-чакырылышында депутаттыкка аттанган. Тагыраагы бул кезексиз чакырылышта ал шайлоо алдында отставкага кеткен партиялашынын ордун ээлеген. 2017-жылы Мыйзам чыгаруу комитетинин төрагасы болгон. Айтмакчы, бул кызматка келгенден кийин Сердар тууралуу интернет айдыңына үч жагдайда:
- расмий чогулуштарда;
- эл менен болгон жолугушууларда жана майрамдарда гана маалыматтар жарыяланган.
2018-жылы Демократиялык партиядан депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүп, парламенттин 7-чакырылышында кайрадан депутат болуп шайланган. Антсе да соңку төрт жылда Сердар өкмөттөгү кызматтарды тез-тез алмаштырып турган. Маселен, 2019-2021-жылдар аралыгында тышкы иштер министринин орун басары, губернатордун орун басары, Ашхабадда жайгашкан Ахал велаятынын (аймак) губернатору, ошондой эле өнөр жай жана курулуш өндүрүш министри болгон. Ал эми 2021-жылдын февраль айында вице-премьер-министр болуп дайындалган. Эң кызыгы, буга чейин өлкөдө мындай кызмат болгон эмес.
20 жашында үйлөнгөн
Сердар Бердымухамедов 2001-жылы, тагыраагы 20 жашында үйлөнгөн. Ал эми анын жубайы туурасында маалыматтар интернет булактарында жокко эсе. Ал тургай аты-жөнү да белгисиз. Учурда 3 кыз жана 1 уулдун атасы. Уулу Керимгулы чоң атасына жакын экендиги айтылат. Маселен, мындай көрүнүштү өлкө башчынын синтезатордо ойноп, небереси менен үч тилде ыр ырдаганынан байкасак болот.
Ахалтекин жылкысы менен алабайды жакшы көрөт
Сердар атасы сыяктуу эле спорт сүйүүчүлөрүнүн катарына кирет. Улуттук мушташ федерациясынын жетекчиси экендиги да айтылып жүрөт. Ошондой эле ахалтекин породасындагы жылкынын жана алабайдын ассоциациясын жетектейт.