Орусиянын Мамлекеттик Думасы Донецк жана Луганск элдик республикаларынын достук, кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү келишимдерин ратификациялады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында Донецк жана Луганск элдик республикаларын таануу жарлыгына кол койгон.
Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин ошол аймактагы орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Эки аймакты тең бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп да аталат.