Ички иштер министрлиги миграциялык жана башка укук бузуулар үчүн чет элдик жарандарды административдик жоопкерчиликтин алкагында Орусиядан чыгарууну сунуштады. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Андагы маалыматта, административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин жаңы долбоорун өзгөртүү сунушталууда. Эгер өзгөртүү киргизилсе мас абалында жол эрежесин бузган жана коррупциялык аракеттерге барган мигранттар Орусиядан депортацияланат.
Учурда бул мыйзам долбоору даярдалды.