Украинада 18 жаштан жогорку запастагы жоокерлерди армияга чакыруу башталды

Украинада 18 жаштан 60 жашка чейинки запастагыларды аскерге чакыруу башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын билдирүүсүндө айтылгандай, 2022-жылдын 22-февралында президент Володимир Зеленский резервдеги жоокерлерди чакыруу боюнча буйрук чыгарган.

"Бул офицерлер да, катардагылар да, сержанттар болот", - деп айтылат маалыматта.

Чакыруунун өзү бүгүн, 23-февралда башталды. Максималдуу кызмат өтөө мөөнөтү - 1 жыл.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында Донецк жана Луганск элдик республикаларын таануу жарлыгына кол койгон. Буга удаа эле Украинанын президенти Володимир Зеленский украин элине видеокайрылуу жасады. Өз кезегинде көптөгөн өлкөлөр Украина менен Орусияны сабырдуулукка чакырууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан