Профессор, пульмонолог Талант Сооронбаев коронавирус менен ооруган адамдар канча убакыттан кийин эмдөөдөн өтүшү керек деген суроого жооп берди. Бул тууралуу республикалык штаб жарыялады.
"Коронавирус менен ооруган адамдар 3 айдан кийин эмдөөдөн өтүшү керек. Азыр бир айдан кийин деген кеңештер бар. Кыргыз мамлекетинин кандай эреже кабыл алынса, ошонун алкагында эмдөөдөн өтүшү шарт", - дейт Талант Сооронбаев.