Биз социалдык тармакта

Ош облусунда көк бөрү жана ат оюндары болуп өттү

Бүгүн, 23-февралда Ош облусунда көк бөрү жана ат оюндары болуп өттү.
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Кубогуна арналган мелдешке 390 миң байге фонду коюлуп, ага облустун 7 аймагынан бирден команда жана Ош шаарынын 1 командасы катышып, жалпы 8 команда катышты.
Облус башчысынын өтмө Кубогунун жыйынтыгында, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов көк бөрү оюнчуларына сөз сүйлөп, өз колу менен сыйлык тапшырды.
1-орун Өзгөн району, 120 миң сом;
2-орун Кара-Суу району, 80 миң сом;
3-орунду Кара-Кулжа району ээлеп, 50 миң сом;
4-орунду Алай районунун командасы камсыз кылып, 30 миң сом акчалай сыйлык алды.
Көк бөрү оюндарынан сырткары аламан чабыш болуп өтүп, ага жалпы 7 чабандес катышты. 1-орунду ээлеген чабандеске 40 миң сом, 2-орунду камсыздаганга 30 миң сом жана 3-орунда ээлеген чабандеске 10 миң сом акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан