Орусия-Украина кырдаалы: Рубль биржада өз кунун жоготууну улантууда

Орусиянын валютасы рубль кунун жоготууну улантууда. Учурда Орусияда 1 доллар 80 рублдан ашты. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Москва валюта биржасындагы маалыматка ылайык, доллардын курсу 1,34 рублга кымбаттап, 1 доллар 80,14 рублга чейин, евронун курсу 1,47 рублга кымбаттап, 1 евро 90,92 рублга чейин сатылууда.

Орусиялык басылмалардын маалыматына караганда, Украинанын айланасындагы кырдаалдан улам Европа мамлекеттери жана АКШнын Орусияга каршы санкцияларын киргизүүсүнөн улам рублдун курсу экинчи күн катары менен түшүүсүн улантууда.

Эске салсак, Улуу Британия орусиялык беш банкка жана үч ишкерге санкция киргизген. Мындан тышкары, Орусия Донецк жана Луганск элдик республикаларын тааныганына байланыштуу Евробиримдик тарабынан бир катар жаңы санкциялар даярдалган. АКШ ошондой эле Орусияга каршы санкциялардын “биринчи траншын” жарыялап, эгер “агрессия уланса” чараларды катаалдантарын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан