Украина Орусия толук масштабдуу басып киргенин жарыялады

Орусия Украинага толук масштабдуу басып кирүүнү баштады. Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба твиттердеги баракчасына жазды.

"Путин жаңы эле Украинага кеңири масштабдуу басып кирүүнү баштады. Украинанын тынч шаарлары чабуулга кабылууда. Бул агрессивдүү согуш", - деп айтылат билдирүүдө.

Кулеба Украина өзүн коргоп, жеңишке жетерин айтты.

"Дүйнө Путинди токтото алат жана токтотушу керек. Украина өзүн коргоп, жеңет. Иш-аракет кылууга убакыт келди", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасста атайын аскердик операция өткөрүлөрүн билдирген. Ошол эле учурда ал Орусиянын пландарында Украинаны оккупациялоо камтылбаганын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
portugalia
2022-02-24 10:37:40
Тынчтык болсун!
+8
suban78
2022-02-24 11:16:40
Эртерээк эле бир жактама, кандай болсо да, бутсо эккн бул мушкул. Дуйного тынчтык керек
+4
Kalmurzaev8900
2022-02-24 11:30:59
Украина менен Россия эмне талашып жатышат мен тушунбодум?
0
Drift
2022-02-24 11:54:24
Kalmurzaev8900,жер талашып
+1
bond0202
2022-02-24 12:14:34
Украина бийлигине нацистер келгенден кийин башталды эл нааразы болуп россияга кошулабыз деп.Америка жана батыш олколору нацистерди колдоп россияга каршы болуп атышат
0
abusait
2022-02-24 12:30:34
bond0202,тантыба.
-3
bond0202
2022-02-24 13:00:41
abusait,украинаны колдогон мээси жоктордон окшойсун
+1
Mubarak
2022-02-24 12:56:08
Натонун айынан Россия Украина натого кошулуусун каалабайт
+9
Jelezo
2022-02-24 13:43:06
Түндүк Кореяны токтото албаган Америка Россияны кантип токтотот.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан