Биз социалдык тармакта

Украиналык басылмалар Киев, Краматорск жана Одесса шаарларында жардыруу болгонун жазышууда

Украинанын Киев, Краматорск, Одесса, Харьков жана Бердянск шаарларында жардыруунун үндөрү угулуп жатат. Бул тууралуу УНИАН маалымат агенттиги жазды.

"24-февралда, таңкы саат 05:00дөн кийин (Бишкек убактысы боюнча саат 09:00дөн кийин) бир катар шаарларда, анын ичинде Киевде да жардыруулардын үнү угулду. Краматорскдо кеминде төрт жардыруу болду. Одесса, Харьков, Бердянск, Донбасста алгачкы күчтүү аткылоо башталды", - деп айтылат билдирүүдө.

Жардыруулардын үнү борбордо да угулуп жатканы кошумчаланды.

"Учурда Борисполь аэропортуна жакын жерде жардыруу жана атышуу болгондугу тууралуу маалымат келип жатат", - деп билдирди агенттик.

Буга чейин Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Украинага масштабдуу басып кирүүсүн баштаганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан