Бүгүн, 24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал күчөп кетти. Буга байланыштуу Украинанын президенти Володимир Зеленський Путинге каршы коалиция түзүлөрүн билдирди.
Тактап айтканда, Зеленський АКШнын, Германиянын, Польшанын жана Улуу Британиянын лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Биз Путинге каршы коалиция түзүп жатабыз. Токтоосуз санкциялар киргизилип, каржылык жана коргоо жактан колдоо болот. Аба мейкиндигин жапкыла! Дүйнө Орусияны тынчтыкка мажбурлашы керек", - деп айтылат анын билдирүүсүндө.
Буга чейин Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Украинага масштабдуу басып кирүүсүн баштаганын билдирген.