Украина-Орусия жаңжалы: "Талибан" кыймылы алгачкы жолу үн катты

Ооганстанды басып алган "Талибан" кыймылы Украинадагы кырдаал боюнча үн катты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, "Талибан" кыймылы тараптарды согуштук аракеттерди токтотууга чакырган.

"Биз Украинада болуп жаткан кырдаалга кылдат байкоо салып жатабыз. Карапайым калктын жоготууларынан кооптонуу менен, жаңжалдашкан тараптарды катуу согуштук аракеттерден алыс болууга чакырабыз", - деп айтылат "Талибан" кыймылынын билдирүүсүндө.

Ошондой эле талибдер эки өлкө ортосундагы маселелерди тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды.

"Талибан" кыймылы террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУнун санкцияларына кирген.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
XATSAN125
2022-02-25 16:13:57
Силер кылдат эмес дыккат карасанар да толк жок
+1
bond0202
2022-02-25 16:30:26
Талибдер силер эле калдынар эле.силерден кыйын согушкандар бар коруп алгыла
0
Fernando_Torres
2022-02-25 17:50:49
bond0202,көрдүңөрда мусульман терор эмес эле нак хириситияан терор алар бизге шылтап койот бирин бирин олтуруп жатат алардыкы туура согуш болуп мусульман согушса эле терор баскынчы болуп калабы
-4
Sajakat14
2022-02-26 05:41:47
Fernando_Torres,христиандар жаман болгон үчүн Сириянын,Авганистандын мигранттарын кабыл алып багып, бала чакасын бекер окутуп отурушат да ээ? Мээң менен сенин! Авган эли каршы талибандарга! Талибандарды жакшы мусулмандар десең анда сенин мээң жок!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан