Путин украин аскерлерине кайрылды

Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Ал украин аскерлерине кайрылды. Путин аскерлерди бийликти колго алууга чакырып, алар менен тил табышуу жеңилирээк боло турганын айтты. Ошону менен катар эле ал Украинанын бийлигин улутчул деп атады.

"Бийликти өз колуңарга алгыла, бизге бүткүл украин элин барымтага алган баңгилер жана неонацисттерге караганда, силердин бир пикирге келүүңөр оңой болот окшойт", - деди Путин.

24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал курчуган. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Украинага масштабдуу басып кирүүсүн баштаганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Aimani
2022-02-25 23:37:53
Кимиси менен болсо да тил табышып эртерээк тынчтык орносун. Болбосо карапайым элге эле жаман болду.
+7
adilbars
2022-02-25 23:51:45
Аскердик төңкөрүш жасоого чакырып жатат
+7
Antiradikal10
2022-02-25 23:56:54
Путин жаны Гитлер!!!
-5
Ernisbii
2022-02-26 00:55:46
Antiradikal10, Тантыбачы Путин болгон үчүн дүйнөдө тынчтык болуп турат нацистерди туура кылып жатат.
-4
KaGaH
2022-02-26 01:17:42
Ernisbii,кремлебот
+1
Myrzan
2022-02-26 04:30:39
Ernisbii,-басылып кетти + ордуна..сеники туур тууган.Путин азыркы учурда дуйнолук балансты кармап турат
0
Antiradikal10
2022-02-26 12:07:35
Ernisbii, мал экенсин. АКШ менен Россия жургон жердин баары согуш, курмандык жана кан!
+8
KaGaH
2022-02-26 01:17:24
Antiradikal10,Аны биздин кремлеботттор түшүнбөйт
+2
Gulina00
2022-02-26 00:09:18
Согушпай эле коюшса болот ортодо элге эле кыйын,байлар эмне олкодон чыгып кетишет.
+15
Jaraisyn
2022-02-26 06:11:33
Эмнеси болсо да дүйнөдө тынчтык болсун, карапайым калк кыйналбасын. Согуш, апааттын эч кимге кереги жок, бардык тирүүлөрдүн жыргалчылыкта, тынчтыкта жашоого укугу бар. Азыркы кырдаал кыргыз-орус менен болгондо Путинди биз да каргайт элек. Дайыма алсыздардын таламын талашабыз. Бирок, Путин аша чаап кетти. Анын саясатын түшүнбөй эле бул жакта бирибизди-бирибиз кемсинтпейли. Алар ойлоп жаткан нерсени биз эч качан түшүнө албасак керек. Тынчтык болсун деп тилек кылалы.
+8
rususu
2022-02-26 07:20:43
Биздин "кон каргалар" биз украин менен биргебиз деп митинг кылбай эле кысып журушпойбу. Кайсы жерде болбосун тынчтык болсун.
+1
bond0202
2022-02-26 08:30:12
rususu,алар Россияга каршы батыштын акчасын алган гейлер менен лесбилер.алган акчасын акташ учун чыгышты да
-3
Antiradikal10
2022-02-26 12:32:20
Мен Оруссиянын да, Батыштын да, Кытайдын да, Туркиянын да тарабын албайм.Бирок бугун Путинди пайгамбар коргон айрым орускулдарга кыргыз элинин тарыхынан маалымат:17-18кк. чейин Энесайдагы кыргыз боордошторубуз бугунку Томск шаарынын батышынан Байкал колуно чейин, тундугу бугунку Красноярск шаарынан жогору жагына чейин созулуп жаткан ото чон аймакты ээлеп турган. Бул аймак кеминде бугунку Казахстандын терртториясына тен!
+1
Antiradikal10
2022-02-26 12:35:30
Алтай, Саян тоолору, ороондору, Мин-Озон ороону бут баары кыргыздардын ата конушу болгон. Бугун мына ушул жердин баары Оруссияныкы. Энесай кыргыздары орустарды чыгышка откорбой дээрлик 100 жыл орустар менен согушкан. Батышынан орустар, туштугунон калмактар кысып, энесай кыргыздары акыры женилип калган. Кырылгандан калганы куч менен манжурлардын жерине кочурулуп, аны Цинь династиясы кырып салган. Ошондо Энесай кыргыздарын орустар, калмактар жана кытайлар кырып салган.
+1
Antiradikal10
2022-02-26 12:37:39
Бугун ошол энесай кыргыздардын жер ээлигинин негизги болугу Россиянын курамында. Азырак болугу тундук Казахстанда, батыш Монголия, тундук батыш Кытайда... Эгер ошол кыргыз ээлигибиз оз колубузда болсо, кыргыздар бугун Москвада, Стамбулда, Сеулда мигрант болуп журбогон болоор эле.
+1
Antiradikal10
2022-02-26 12:40:01
Ал аздай орустар Мургаб менен Жергеталды Тажикистанга кармата койду. Чаткалдын жарымы Озбекистанга кетти. (Чаткалдын батыш болугу). Каркыранын жарымы Казактарга карматылды. 100 жыл илгери Кыргызстандын коп жерлери Тажикистан, Озбекистан, Казахстанга берилип кеткен. Мына ошонун баарына орустар куноолуу. А силер канкор Путинди колдойсунар кайра эле.....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан