Facebook Орусиянын маалымат каражаттарына чектөө койду

Украинанын айланасындагы кырдаалга байланыштуу Facebook орусиялык мамлекеттик маалымат каражаттарына өз платформасында жарнамалоого тыюу салды. Бул тууралуу социалдык тармактын киберкоопсуздук бөлүмүнүн башчысы Натаниэль Глейхер билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Глейхердин айтымында, Facebook Украинадагы кырдаалга кылдат байкоо салып турат.

"Биз азыр Орусиянын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына дүйнөнүн каалаган жеринде биздин платформабызда жарнамалоого жана акча табууга тыюу салабыз", - деген Глейхер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан