Көзгө жаш тегеренет. Киевде жарандар баш калкалоочу жайда ымыркай жарык дүйнөгө келди

Украинадагы соңку кырдаалга байланыштуу Киевде тургундар метродо баш калкалап жатышкан. Узап кеткен түнү метродо ымыркай жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 25-февралда азыркы учурда жардыруулардан сактануучу жай катары колдонулуп жаткан Киев метросунда ымыркай жарык дүйнөгө келди. Жаңы төрөлгөн кызга ата-энеси Мия деген ысым ыйгарышты.

"Ымыркай баш калкалоочу жайда төрөлдү. Бирок кандай шартта болбосун, бул үй-бүлө үчүн бакыт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан