25-февралда Эл аралык Олимпиада комитети спорт федерацияларын Орусияда өтүшү керек болгон мелдештерди жокко чыгарууга же кийинкиге калтырууга, ошондой эле спорттук иш-чараларда Орусиянын желегин желбиретпөөгө чакырды.
Мындан улам Орусияда кайсы спорттук иш-чаралар токтотулганын карап көрдүк:
1. Санкт-Петербург шаарында өтө турган Чемпиондор Лигасынын финалы Парижге жылдырылды;
2. Орусияда өтө турган "Формула-1" гран-приси токтотулду;
3. Орусияда өтө турган лыжа спортунун алты этап боюнча Дүйнө Кубогу токтотулду;
4. Дүйнөлүк шахмат олимпиадасы токтотулду;
5. Европанын регби федерациясы Орусияда өтө турган бардык турнирлерин токтотту;
6. Аскага чыгуу боюнча Москвада өтө турган Дүйнө кубогу токтотулду;
7. Пермде өтө турган кёрлинг боюнча Европа чемпиондугу жылдырылды;
8. Футбол боюнча Орусия курама командасы бардык үй оюндарын нейтралдуу талаада өткөрөт.