Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага масштабдуу чабуулун жарыялады

26-февралда Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын аймагында бардык багыттар боюнча чабуулду күчөтүүгө буйрук алган. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигине таянуу менен орус басылмалары жазышты.

Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков мындай чечим Украина Орусия менен сүйлөшүүдөн баш тарткандан кийин кабыл алынган.

"Кечээ Киев сүйлөшүүлөргө даярдыгын билдиргенден кийин операциянын негизги багыттары боюнча активдүү согуштук аракеттер токтотулган. Украин тарап сүйлөшүү процессинен баш тарткандан кийин бүгүн бардык бөлүкчөлөргө бардык багыттар боюнча чабуулду өнүктүрүүгө буйрук берилди", - деген Конашенков.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Владимир Путиндин алдында Киев менен күтүлүп жаткан сүйлөшүүлөргө байланыштуу орусиялык аскерлердин Украинага чабуулун токтотууга буйрук берген.

Кечээ, 26-февралда украин аскерлери Луганск облусундагы Луганск, Крымский жана Марковка айылдарын көзөмөлдөй албай калганын жергиликтүү аскердик-жарандык администрациянын башчысы Сергей Гайдай билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulina00
2022-02-27 10:37:02
Ээ кудай согушу жок эле чечишип алышканда болот эле капапайым эл балдарга кыйын больуда.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан