Украинанын зениттик-ракеталык полку Харьковго жакын жерде өз ыктыяры менен куралын таштады

Украинанын зениттик-ракеталык полку Харьков шаарына жакын жерде өз ыктыяры менен куралын таштады. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигине таянуу менен РИА Новости басылмасы жазды.

"Харьков облусунда украин аскерлеринин 302-зениттик-ракеталык полку өз ыктыяры менен куралын таштап, 471 аскер кызматкери кармалды", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле бүгүнкү күндө Украинанын аскердик инфраструктурасынын 975 объектисине орусиялык учактар ​​сокку урган. Мындан тышкары, өткөн суткада Орусиянын Куралдуу күчтөрү Херсон жана Бердянск шаарларын тоскон жана Херсон шаарына жакын Чернобаевка аэродромдору Орусиянын көзөмөлүнө алынган.

Буга чейин Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын аймагында бардык багыттар боюнча чабуулду күчөткөндүгү кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
alimbek94
2022-02-27 15:14:38
Риа новости жалган маалымат таратып жатат. Риа новости Путиндин пропагандалык куралы. Россия 90% жалган маалымат таратып жатат.
+2
surgeon777
2022-02-27 18:40:54
Баскынчы,фашист Путин!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан