Лукашенко украин бийлигин орусиялык делегация менен сүйлөшүүгө чакырды

Беларустун президенти Александр Лукашенко Украинанын бийлигин мамлекеттүүлүгүн сактап калуу үчүн сүйлөшүү столуна отурууга чакырды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Бүгүн, 27-февралда Лукашенко журналисттерге украин элитасынын өкүлдөрү аны менен бир күн мурда байланышып, Москва менен Киевдин ортосунда ортомчулук кылууну суранышканын айтты.

Беларусь лидеринин айтымында, украиндер менен сүйлөшүүдө ал орус тараптын бардык шарттарын санап берди. Адегенде, Киев бардык пункттарга макул болгон, бирок кийин баш тарткан. Киевдин мындай аракеттери коңшу өлкөдөгү мекендештерди бошотуу боюнча Минскти "атайын операцияга түртөт". Украинада беларусь аскерлери, курал-жарак жана ок-дары жок деп белгиледи.

Ал эми Украинанын лидери Володимир Зеленський беларусь элине кайрылуу жасады.

"Болуп жаткан согушта сиздер биз менен бир тарапта эмессиздер. Ким экениңерди өзүңөр чечкиле. Сиз ким болууну чечесиз? Орусия эмес, Беларусь бол. Сиз азыр бул тандоону жасап жатасыз", - деди ал.

Ошондой эле Зеленський Орусия менен сүйлөшүүгө даяр экенин, бирок Беларуста сүйлөшүүгө болбой турганын билдирди.

"Жолугушууга башка шаарлар бар. Албетте, биз тынчтыкты каалайбыз жана согуштун аякташын каалайбыз. Варшава, Братислава, Будапешт, Стамбул жана Баку – муну баарыбыз орус тарапка сунуштаганбыз. Ал эми кандай шаар болбосун бизге ылайыктуусу - ракеталар учпаган өлкөдө сүйлөшүү жүргүзүү. Ушундай жол менен гана сүйлөшүүлөр калыс болот", - деди Зеленський.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
omka100514
2022-02-27 17:02:01
Путин дагы когуно таянып алдыго, украинаны талкалап бутту. Ортодогу жонокой жарандарга кыйын болду
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан