Владимир Путин коргоо министри Сергей Шойгу жана Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимов менен жолугуп, орус куралдуу күчтөрүн өзгөчө режимде кызмат өтөөгө өткөрүүнү тапшырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Батыш мамлекеттери санкцияларды биздин өлкөнүн экономикалык тармагына гана киргизбестен НАТОго мүчө өлкөлөрдүн жогорку кызматтагы адамдары Орусияга карата агрессивдүү маанайдагы пикирлерди айтып жатышат. Мындан улам коргоо министрине жана башкы штабдын жетекчисине орус армиясын өзгөчө режимге өткөрүүгө буйрук берем", - деди Путин.
Орусиянын Коргоо министрлигинин түшүндүрмөсүнө ылайык, стратегиялык ооздуктоочу күчтөр армиянын негизги кубаты деп саналат жана ар кыл курал-жарактарды, анын ичинде ядролук куралды колдонуу менен Орусияга каршы агрессияны токтотууга жана согушта каршылашты талкалоого багытталган. Азырынча "өзгөчө режимдеги нөөмөт" эмнени билдирерин орус бийлиги тактай элек.