Еврокомиссия Евробиримдиктин аймагында Russia Today жана Sputnik телеканалдарын көрсөтүүгө тыюу салуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен билдиргенин орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Ал "Биз Евробиримдикте Кремлдин медиа машинасына тыюу салабыз" деп айтты.
Маалыматка ылайык, бул чечим Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы операциясына байланыштуу болду. Учурда Еврокомиссия бул үчүн керектүү инструменттерди иштеп чыгууда.