Украинадагы кырдаал: Евробиримдик Орусиянын учактары үчүн аба каттамдарын жабат

Евробиримдик Орусиянын Украинага кол салуусунан улам орусиялык учактар үчүн аба каттамдарын жабат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта биринчилерден болуп Польша, Чехия, Болгария, Эстония жана Латвия аба каттамдарын жапканы жазылат.

"Евробиримдик Ураинадагы кырдаалга байланыштуу орусиялык авиакомпаниялардын, анын ичинде менчик учактардын каттамын жаба турган болду.

Биз Евробиримдиктин аймагында орусиялык аба каттамдарды жаап жатабыз. Чектөөлөр Орусиянын менчигине караган жана Орусия көзөмөл жүргүзгөн учактарга тиешелүү болмокчу. Аталган учактарга Евробиримдиктин аймагында учууга жана конууга болбойт", - деген Еврокомиссиянын жектекчиси Урсула фон дер Ляйен.

Белгилей кетсек, 24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал курчуган. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Украинага масштабдуу басып кирүүсүн баштаганын билдирген. Кагылыш 4 күндөн бери уланууда.






РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан