Түштүк Корея жана Сингапур Орусияга каршы экспорттук көзөмөлдү күчөтүү менен Москвага каршы эл аралык санкцияларга кошулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Түштүк Кореянын бийлиги Орусияга стратегиялык материалдарды экспорттоого тыюу салуу чечимин кабыл алды.
"Түштүк Корея Украинанын айланасындагы кырдаалга байланыштуу Орусияны SWIFT төлөм системасынан ажыратуу боюнча эл аралык чечимге кошулууга даяр. Мындан тышкары Түштүк Корея Орусияга стратегиялык материалдарды экспорттоого тыюу салуу чечимин кабыл алды", - деп билдирген Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги.
Сингапур өз кезегинде айрым орусиялык банктарды жана Орусияга байланыштуу финансылык операцияларды жабууну чечти, ошол эле учурда экспорттук көзөмөлдү дагы күчөттү.
Сингапурдун тышкы иштер министри Вивиан Балакришнан Украинада жарандарына каршы курал катары колдонула турган буюмдарды Сингапурдун экспорттук көзөмөлүнө киргизе турганын айткан. Конкреттүү иш-чаралар иштелип чыгууда, алар жакынкы аралыкта жарыяланат.
Эске салсак, Азия чөлкөмүндө биринчилерден болуп Орусияга санкцияны Япония киргизген. Мындан тышкары Япония учурда Беларусь өкмөтүнүн жогорку даражалуу өкүлдөрүнө каршы санкцияларды киргизүүнү карап жатат.