Украинадагы абал: Канада Орусиядан мунай сатып алууну токтоторун билдирди

Канаданын өкмөтү Орусиянын Донбасска жасаган аскердик операциясынан улам чийки мунай импорт кылууну токтоторун билдирди. Бул тууралуу Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

"Биз бүгүн Орусиядан чийки мунайдын бардык импортуна тыюу салууну жарыялап жатабыз. Бул тармак Орусиянын президенти Владимир Путинге жана анын олигархтарына чоң пайда алып келген өндүрүш", - деген маалымат жыйында Трюдо.

Ошондой эле ал Канада Орусиядан мунайды аз көлөмдө импортторун, ага карабай мындай чара "күчтүү сигнал" болорун кошумчалаган.

Эске салсак, 24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал курчуган. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Украинага масштабдуу басып кирүүсүн баштаганын билдирген.

Буга байланыштуу Евробиримдик Орусиянын Украинага кол салуусунан улам орусиялык учактар үчүн аба каттамдарын жабары айтылган. Түштүк Корея жана Сингапур Орусияга каршы экспорттук көзөмөлдү күчөтүү менен Москвага каршы эл аралык санкцияларга кошулган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан