Украинадан 377 миңден ашык жаран чыгып кетти

Украинадагы кырдаалга байланыштуу 377 миңден ашык жаран өлкөдөн чыгып кетти. Тактап айтканда, 24-февралдан тартып Польшанын чек арасынан 377 миң 400 качкын өткөн. Бул тууралуу Польшанын Чек ара күзөтү билдирген деп жазышат чет элдик басылмалар.

Эске салсак, 24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал курчуган. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Украинага масштабдуу басып кирүүсүн баштаганын билдирген.

Буга байланыштуу Евробиримдик Орусиянын Украинага кол салуусунан улам орусиялык учактар үчүн аба каттамдарын жабары айтылган. Түштүк Корея жана Сингапур Орусияга каршы экспорттук көзөмөлдү күчөтүү менен Москвага каршы эл аралык санкцияларга кошулган.

28-февралда Орусия менен Украинанын ортосунда сүйлөшүү орун алып, жыйынтык болгон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан