Украина армиясы карапайым калкты калкан катары колдонуп жатат. Мындай пикирин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдиргенин РИА Новости басылмасы жазды.
"Турак жайлардын короолоруна, мектептер менен бала бакчалардын жанына бир нече ракеталык системалар, мылтыктар, ири калибрлүү миномёттор коюлган", - деген министр.
Ал ошондой эле орус жоокерлерине жана офицерлерине көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн ыраазычылык билдирген.
Мындан тышкары, Шойгу атайын аскердик операцияга Орусияны батыштан келген коркунучтан коргоо зарылдыгы себеп болгонун белгилеген.
"Биз үчүн эң башкысы Орусияны биздин өлкөгө каршы күрөштө украин элин колдонууга аракет кылып жаткан батыш өлкөлөрүнүн аскерий коркунучунан коргоо", - деген Шойгу.
Ошол эле учурда министр Орусия Украинанын аймагын басып алууга аракет кылбастыгын баса белгилеген.
"Армия карапайым калктын өмүрүн сактап калуу үчүн бардык чараларды көрөт. Соккулар аскердик бутага жана жогорку тактыктагы куралдар менен гана жасалат", - деген ал.